1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Манас шаардык ветеринардык башкармалыгынын башчысы Абдыкулов Рустам Аманбаевич менен иш берүүчү катары анкета жана интервью жүргүзүлдү.

Интервью учурунда Р.Аманбаевич өзүнүн билим алган жери – азыркы АТФ (мурдагы ЗВТ) экенин айтып, ал жерде сапаттуу билим алганын баса белгиледи.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Ветеринардык медицина кафедрасын бүтүргөн бүтүрүүчүлөр анын жетекчилиги астында ийгиликтүү эмгектенип жатканын белгиледи. Башкармалыкка келген студент-практиканттардын теориялык жана практикалык даярдыгы жакшы экендиги байкалууда.

Р.Аманбаевич өз сөзүндө окуусун ийгиликтүү аяктаган студенттерди келечекте жумушка кабыл алууга даяр экенин билдирип, мисал катары Эралы уулу Сыймык жана башка студенттерди белгилеп өттү.