1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

АТИнин бүтүрүүчүлөрү менен интервью

ЖАМУнун Ветеринардык медицина кафедрасынын 2016-жылкы бүтүрүүчүсү Абдимиталип уулу Али Сабыртеги бүгүнкү күндө «Агроветазия» ветеринардык дарыканалар тармагынын Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси болуп 4 жылдан бери ийгиликтүү эмгектенип келет. Ал өз сөзүндө акыркы жылдары дарыкананын ишмердүүлүгү кыйла өнүгүп, дарыканалардын саны көбөйүп, иштөө шарттары жакшырып жатканын белгиледи.

Ошону менен катар ал ЖАМУнун Ветеринардык медицина кафедрасын бүтүргөн жаш адистер бүгүнкү күндө Бишкек, Ысык-Көл, Талас жана башка облустарга атайын чакыруулар менен барып иштеп жатканын айтты. Анын айтымында, ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү эл менен жакшы баарлаша билген, кичипейил жана өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылган адистер катары жогору бааланууда.