1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

70

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу алкагында илимий форум өттү

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу ураанынын алкагында илимий интеллигенциянын форуму өткөрүлдү.

Алгач, Агрардык-техникалык институтунун директору, э.и.д., профессор А.Б. Карбекова кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, каада-салттары жана маданияты жөнүндө кеңири айтып, жаш муундарды улуттук руханий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө чакырды.

Форумдун жүрүшүндө Ветеринардык медицина адистигинин студенттери улуттук баалуулуктарга байланышкан темаларда баяндамаларды жасашты. Тактап айтканда, студенттер «Улуттук дем жана анын мааниси», «Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары», «Кыргыз маданиятынын дүйнөгө таанылышы», «Кыргызстандын дүйнөлүк маданий мурастары», «Глобалдашуу шартында улуттук маданият», «Кыргызстандын улуттук бренди жана анын дүйнөгө таанылышы» темаларында кызыктуу баяндамаларды сунушташты.

Иш-чаранын соңунда студенттер дүйнөлүк бренддер менен атааңдаша ала турган улуттук бренддерди түзүү маселесин талкуулашып, жергиликтүү өндүрүштү колдоо жана сапаттуу азыктарды чыгаруу аркылуу улуттук бренддерди өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Форум жандуу талкуу менен өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу  болду.