1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-25 тайпасы (ЖОО)

Жаныбарлардын анатомиясы сабагынын алкагында В-1-25 тайпасы менен жумуш ордунда окутуу (ОРМ) сабагы өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө Надырбек уулу Эпос агай студенттерге практикалык түрдө койдун башын бөлө кесүү методу менен ачуу ыкмасы көрсөтүлдү. Практикалык иш учурунда студенттер койдун башындагы ички түзүлүштөрдү карап чыгып, алардын анатомиялык өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Сабакта студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, жаныбарлардын баш бөлүгүнүн анатомиялык түзүлүшүн тереңирээк өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Практикалык иш студенттер үчүн кызыктуу жана түшүнүктүү болуп, сабак өз максатына жетти.

Сабактын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, ар бири практикалык ишке өз салымын кошуп, өздөрүнүн билим жана көндүмдөрүн көрсөтө алышты.