1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-23 тайпасынын студенттерине «Вирусология» сабагынан жумуш ордунда окутуу (ЖОО) өткөрүлдү.

Сабак Сузак районундагы райондук ветеринардык лабораториясында уюштурулуп, аны кафедранын окутуучусу Сулайманов Абдысатар агай өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер вирустук ооруларды аныктоо ыкмалары, лабораториялык диагностика жүргүзүү жана вирусология тармагындагы негизги изилдөө методдору боюнча практикалык маалымат алышты.

Мындан тышкары студенттер лабораториянын иши менен жакындан таанышып, вирустук ооруларды аныктоодо колдонулган жабдуулар жана методдор тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтишти.

Мындай жумуш ордунда окутуу студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга чоң салым кошот.