1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Агрардык-техникалык институтунда куратордук саат өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасында ЭЭСС–1–24 тайпасынын студенттери үчүн «Ак калпак күнү жана Кыргыз Республикасынын Туу күнү» аттуу куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты студенттерге мамлекеттик символдордун жана улуттук баалуулуктардын маанисин түшүндүрүү, мекенчилдик сезимди калыптандыруу болду.

Куратордук саатты Электроэнергетика жана механика кафедрасынын ага окутуучусу, тайпанын куратору Ташиев Замирбек Капарбекович  ачып, иш-чаранын максаты жана милдеттери менен тааныштырды. Ал өз сөзүндө Ак калпак күнү жана Кыргыз Республикасынын Туу күнү кыргыз эли үчүн маанилүү майрамдар экенин белгилеп, ар бир кыргыз жараны мамлекеттик символдорду урматтап, алардын тарыхын жана маанисин билүүсү зарыл экенин айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан темага байланыштуу бир нече мазмундуу презентациялар сунушталды. Алгач Эсенбаев Бектемир «Ак калпак — кыргыз элинин символу» темасында баяндама жасап, ак калпак кыргыз элинин улуттук баш кийими катары ата-бабалардан калган ыйык мурас экенин жана ал актыкты, тазалыкты жана намысты билдирерин белгиледи.

Андан соң Абдурасулов Майрамбек Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу жөнүндө кеңири маалымат берип, анын тарыхы, символикалык мааниси жана эгемендүү мамлекеттин негизги белгиси катары орду тууралуу презентация жасады.

Кийинки баяндамада Арзимбаев Элмар Манас эпосундагы Манас баатырдын туусу жөнүндө айтып, анын кыргыз элинин тарыхындагы ордун жана баатырдык рухтун символу экенин белгиледи.

Ошондой эле Амираев Жанболот окуу жайдын туусу жана анын мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, билим берүү мекемесинин символикасы студенттерди биримдикке жана билимге умтулууга үндөөрүн белгиледи.

Иш-чарага кафедранын окутуучулары да катышып, студенттердин даярдаган баяндамаларын жана презентацияларын жогору баалашып, жаштарды майрам менен куттукташты.

Куратордук сааттын соңунда куратор иш-чараны жыйынтыктап, улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик символдорду урматтоо ар бир жарандын милдети экенин белгиледи. Мындай иш-чаралар студенттердин мекенчилдик сезимин күчөтүп, улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү роль ойнойт.