1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-22 тайпасына «Жаныбарларды көбөйтүү биотехнологиясы» предметинен жумуш ордунда окутуу (ЖОО) өткөрүлдү.

Сабакты Ормонов Кантемир агай алып барып, студенттерге заманбап биотехнологиялык ыкмалар тууралуу кеңири маалымат берди. Окутуунун жүрүшүндө жасалма уруктандыруу, эмбрионду алуу жана көчүрүү технологиялары, репродуктивдик процесстерди көзөмөлдөө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору практикалык негизде түшүндүрүлдү.

ЖОО форматындагы сабак студенттерге өндүрүш шартында иш алып баруунун ыкмаларын үйрөнүүгө, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө шарт түздү. Студенттер активдүү катышып, практикалык тапшырмаларды аткарып, өз суроолоруна жооп алышты.

Мындай практикалык сабактар болочок ветеринар адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.