1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-22 тайпасына «Акушерство жана гинекология» предметинен жумуш ордунда окутуу (ЖОО) уюштурулуп өткөрүлдү.

Сабакты кафедранын окутуучусу Надырбек уулу Эпос агай алып барып, студенттерге теориялык билимди практика менен айкалыштырып түшүндүрдү. Окутуунун жүрүшүндө жаныбарлардын туут процесси, кош бойлуулукту аныктоо ыкмалары, гинекологиялык ооруларды диагностикалоо жана алдын алуу чаралары боюнча кеңири маалымат берилди.

ЖОО форматы студенттерге өндүрүш шартында иш алып баруунун өзгөчөлүктөрүн өз көзү менен көрүп, практикалык көндүмдөрүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Студенттер активдүү катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Мындай иш-чаралар келечектеги ветеринар адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана тажрыйбасын арттырууга чоң салым кошот.