1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

1

Болочок энергетиктердин квалификациялык практикасы

АТИнин Электроэнергетика жана механика кафедрасынын «Электроэнергетикалык системалар жана түйүндөрү» профилинин ЭЭСС-1-22 тайпасы 2026-жылдын 2-мартынан 28-мартына чейин квалификациялык иш алдындагы практикасын өтүү үчүн Жалал-Абад электр тармактары ишканасына жөнөтүлдү.

Практиканын баштоо алдында ишкана тарабынан тиешелүү ички буйрук чыгарылып, студенттер алгач Техникалык коопсуздук боюнча СНТБ бөлүмүнөн нускама алышты. Коопсуздук талаптары менен таанышып, өндүрүштүк шарттарда иш алып баруунун эрежелерин өздөштүрүштү.

Андан соң студенттер өзгөрмөлүү графиктин негизинде ишкананын төмөнкү бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлдү:

– Изоляция бөлүмү;

– Релелик коргоо жана автоматика кызматы;

– Жалпы диспетчердик кызмат;

– Манас РЭТ;

– Аба чубалгылары кызматы.

Практика учурунда студенттер электр тармактарын эксплуатациялоо, жабдууларды диагностикалоо, релелик коргоо системаларынын иштөө принциби, изоляциянын абалын баалоо жана аба чубалгыларынын техникалык тейлөөсү боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле квалификациялык иштерине керектүү өндүрүштүк материалдарды топтоо, техникалык маалыматтарды талдоо жана эсептөөлөрдү жүргүзүү багытында иш алып барышат.

Кафедра жамааты ЭЭСС-1-22 тайпасына квалификациялык иш алдындагы практикасын ийгиликтүү өтүп, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүшүнө тилектеш.