1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

1

Агрардык-техникалык институтунун (АТИ) Ветеринардык медицина кафедрасы үчүн кубанычтуу жаңылык!

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын айыл чарба илимдеринин доктору Орозбаев Болотбек Суюналиевич докторлук дипломун расмий түрдө алды.

Бул жогорку илимий даража – көп жылдык үзүрлүү эмгектин, талыкпас изилдөөлөрдүн жана ветеринардык илим тармагына кошкон олуттуу салымынын жыйынтыгы болуп саналат. Орозбаев Болотбек Суюналиевичтин илимий ишмердүүлүгү ветеринардык медицина багытында жаңы билимдерди жаратууга, жаш адистерди даярдоого жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Кафедра жамааты жана институттун жалпы эмгек жамааты агайыбызды бул чоң жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана илимий изилдөөлөрүндө мындан аркы бийиктиктерди багындыруусун каалайт!

Жаңы илимий ийгиликтер – келечектеги муундар үчүн бекем пайдубал!