1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Квалификациялык иш алдындагы практикага багыттоо иш-чарасы.

Агрардык-техникалык институттун ЭЭСС-1-22 жана ӨКК-1-22 тайпалары үчүн квалификациялык иш алдындагы практикага багыт берүү жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чараны окуу жайдын Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси, т.и.к., доцент Шамиев Жакы Бакирович ачып, студенттерди квалификациялык иш алдындагы практикага жөнөтүү маселелерине кеңири токтолду. Ал өз сөзүндө практиканын максаты, милдеттери жана аткарылуучу тапшырмалар тууралуу маалымат берип, ишканалардагы эмгек тартибин, коопсуздук эрежелерин жана кызматтык жоопкерчиликти так сактоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле студенттерге практиканы ийгиликтүү өтүп, жогорку жыйынтык менен кайтып келүү каалоосун билдирди.

Андан соң кафедра башчысы т.и.к., доцент Кокумбаева К.А. сөз сүйлөп, квалификациялык иш алдындагы практиканын өзгөчөлүгүнө токтолду. Ал бул практика мурунку практикалардан айырмаланып, түздөн-түз бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасына байланыштуу жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Студенттер практика учурунда тандаган темалары боюнча материалдарды топтоп, талдоо жүргүзүп, илимий-изилдөө иштерин баштоосу зарыл экендигин эскертти.

Практика жетекчиси Ташиев З.К. студенттерге ишканалардагы ички тартип, жүрүм-турум маданияты жана коопсуздук техникасынын эрежелери тууралуу нускамаларды берди. Ошондой эле практика жумушчу программада каралган жол картанын негизинде уюштурулуп, квалификациялык иш үчүн керектүү маалыматтарды өз убагында топтоо жана обзордук бөлүгүн даярдоону баштоо маанилүү экенин белгиледи.

Жыйындын соңунда студенттерге жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, теориялык билимдерин практикалык иштер менен айкалыштыруу жана квалификациялык ишти сапаттуу даярдоого өзгөчө көңүл буруу боюнча каалоо-тилектер айтылды.