1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Агрардык-техникалык институтунда директор менен старосталардын жолугушуусу өткөрүлдү.

26-февраль күнү Агрардык-техникалык институтунда директор Карбекова Азиза Баймаматовна 1-курстан 5-курска чейинки бардык тайпалардын старосталары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу ачык диалог форматында уюштурулуп, студенттердин ой-пикирлерин угуу, алардын сунуштарын талкуулоо жана окуу процессин жакшыртуу максатын көздөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө старосталар өз тайпаларындагы көйгөйлөрдү, окуу процессине байланышкан сунуштарды, жатакана, материалдык-техникалык база жана студенттик жашоону жандандыруу боюнча маселелерди көтөрүштү. Ар бир айтылган сунушка директор тарабынан көңүл бурулуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана жооптуу кызматкерлер менен иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун маанилүү бөлүгү катары институттун Жаштар комитетинин курамы ачык шайлоо аркылуу толукталды. Студенттер өздөрү татыктуу деп эсептеген талапкерлерге добуш берип, жаңы курамды шайлашты. Бул кадам студенттик өз алдынчалуулукту бекемдеп, жаштардын коомдук иштерге активдүү катышуусуна өбөлгө түздү.

Жыйынтыгында, жолугушуу өз ара түшүнүшүүнү бекемдеген, ачык-айкын жана жемиштүү форматта өттү. Институт жетекчилиги студенттер менен тыгыз кызматташып, алардын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди. Мындай жолугушуулар билим берүү сапатын жогорулатууга жана студенттик чөйрөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошору белгиленди.