1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

7

Агрардык-техникалык институтунун (АТИ) Ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы кесиптик багыт берүү иш-чарасынын алкагында Жалал-Абад колледжинде болуп кайтышты.

Жолугушуунун негизги максаты — бүтүрүүчү студенттерге ветеринардык медицина адистиги тууралуу кеңири маалымат берүү, окуу шарттары, кабыл алуу талаптары жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кафедра окутуучулары АТИдеги билим берүү программалары, материалдык-техникалык база, практикалык окутуунун өзгөчөлүктөрү жана эл аралык кызматташуулар тууралуу маалымат беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистикти тандоо боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.

Мындай профориентациялык жолугушуулар жаштардын туура кесип тандоосуна көмөк көрсөтүп, жогорку окуу жай менен орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ветеринардык медицина кафедрасы мындан ары да профориентациялык иштерди улантып, талапкерлерге сапаттуу маалымат берүү багытында активдүү иш алып барууну пландаштырууда.