1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

5

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында ишембилик өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын 1–2–3–4–5-курстарынын студенттери жана окутуучуларынын катышуусунда ишембилик (субботник) иш-чарасы уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө окуу имаратынын айланасы тазаланып, жашыл аянттар иретке келтирилип, таштандылар жыйналып чыгарылды. Студенттер активдүүлүк менен катышып, айлана-чөйрөнү таза сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөтүштү.

Мындай иш-чаралар жаштардын эмгекке болгон жоопкерчилигин арттырып, биримдикти жана ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Кафедра жамааты келечекте да айлана-чөйрөнү коргоо жана тазалыкты сактоо багытындагы иштерди улантат.