1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

5

Жала-Абад колледжинин студенттерине кесиптик багыт берүү жана ЖАМУну тандоого үгүт иштерин жүргүзүү

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2025–2026-окуу жылынын профориентациялык иш-планына ылайык 24-февраль күнү Жалал-Абад колледжине иш сапары уюштурулду. Иш сапардын негизги максаты – бүтүрүүчү студенттерге жогорку билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аларды Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) бакалаврдык билим берүү программаларына тартуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кафедра башчы К.А.Кокумбаева,  улук окутуучу З.К.Ташиевдер  ЖАМУнун билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, кабыл алуу шарттары, окуу формалары жана артыкчылыктары тууралуу кеңири презентация жасашты. Өзгөчө “Электроэнергетика”, “Техносфералык коопсуздук” жана “Нефтегаз иштери” багыттары боюнча даярдалуучу адистердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрү, эмгек рыногундагы суроо-талап жана келечектеги ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле кафедранын акыркы жылдардагы жетишкендиктери, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташтык байланыштары жана өндүрүш ишканалары менен түзүлгөн келишимдер тууралуу айтылды. Эразмус+ программасыныни алкагында ишке ашырылып жаткан SILKWAY долбоорунун алкагында студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилеп, илимий конференциялардагы ийгиликтери жана практикалык даярдыктын жогорку деңгээлде уюштурулушун  баса белгиленди.

Мындан сырткары, кафедрада заманбап материалдык-техникалык база түзүлүп жаткандыгы, жаңы лабораториялык стенддердин жана окутуу-изилдөө жабдууларынын алынуусу тууралуу маалымат берилди. Бул стенддер студенттерге электр жабдууларын, электр тармактарын, автоматташтыруу системаларын жана коргоо түзүлүштөрүн практикалык түрдө изилдөөгө шарт түзөрү белгиленди. Заманбап лабораториялык иштерди аткаруу студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана өндүрүштүк шарттарга жакын окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берери айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында колледж студенттери тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, жогорку билим алуунун артыкчылыктары жана бакалавр даражасын алуу аркылуу кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү. Окутуучулар бүтүрүүчүлөрдү окуусун ЖАМУда улантууга чакырып, туура кесип тандоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Профориентациялык иш жогорку деңгээлде уюштурулуп, колледж администрациясы менен мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашуу жүргүзүлдү.