1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

6

В-1-24 тайпасында жумуш ордунда окутуу (ЖОО) өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун ветеринардык медицина адистиги боюнча В-1-24 тайпасында окутуучу Төлөгөнова Ж. З. тарабынан ветеринардык фармакология предметинен жумуш ордунда окутуу (ЖОО) өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер дары каражаттарынын классификациясы, таасир этүү механизми, колдонуу ыкмалары жана коопсуздук эрежелери боюнча теориялык билимдерин практика менен айкалыштырышты. Ошондой эле ветеринардык практикада кеңири колдонулган препараттарды туура сактоо, дозалоо жана колдонуу боюнча маалымат алышты.

Жумуш ордунда окутуу студенттердин кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга, теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана болочок адис катары жоопкерчилигин арттырууга багытталды. Сабак активдүү талкуу жана практикалык мисалдар менен коштолду.