1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

4

ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунда жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун  Энергетика багытында билим алып жаткан ЭЭСС-1-22 тайпасынын студенттери үчүн  «Изоляция и перенапряжения» дисциплинасы боюнча жумуш ордунда окутуу иш-чарасы уюштурулду.            Практикалык сабак Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын изоляция бөлүмүндө өткөрүлдү.  Иш-чараны Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучусу Ташиев Замирбек   жана изоляция кызматынын башчысынын орун басары Масабиров Искендер жетектешти. Практикалык окутуунун негизги максаты – жогорку чыңалуудагы электр жабдууларынын изоляциясынын  техникалык абалын баалоо, эксплуатациялык ишенимдүүлүктү камсыз кылуу жана авариялык  кырдаалдардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүүчү диагностикалык иштер менен студенттерди жакындан тааныштыруу болду.           Сабактын жүрүшүндө студенттер трансформатор майларынын электрдик бекемдигин аныктоо, майдын кислоталуулугун текшерүү, ошондой эле диэлектрдик жоготуулардын бурчунун тангенсин (tan δ) өлчөө процесстерине күбө болушту. Бул көрсөткүчтөр изоляциянын ички абалын, нымдуулук деңгээлин  жана эскириш даражасын аныктоодо маанилүү экени адистер тарабынан кеңири түшүндүрүлдү.              Бардык сыноолор АИИ-90 сыноо аппаратынын жардамы менен жүргүзүлүп, алынган жыйынтыктар нормативдик талаптар менен салыштырылып, жабдуулардын эксплуатацияга жарактуулугу боюнча корутундулар чыгарылары көрсөтүлдү. Студенттер өлчөө жүргүзүүнүн тактыгы, коопсуздук техникасынын  сакталышы жана техникалык протоколдорду туура толтуруу тартиби менен да таанышышты.              Иш-чара студенттердин теориялык билимдерин өндүрүш шартындагы практикалык көндүмдөр менен  айкалыштырууга өбөлгө түзүп, алардын кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууда маанилүү роль ойноду.               Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, энергетика тармагындагы реалдуу процесстер жана жоопкерчилик тууралуу терең маалымат алышты. ЭЭСС1-22 тайпасынын студенттери мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген ишкананын изоляция бөлүмүнө  ыраазычылык билдиришип, бул иш-чара алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө чоң таасир калтырганын белгилешти.