1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

6

Катуу диэлектриктердин электрдик бышыктыгын текшерүү боюнча өндүрүштүк окутуу өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Энергетика багытында билим алып жаткан ЭЭСС-1-22 тайпасынын студенттери үчүн «Изоляция и перенапряжения» дисциплинасы алкагында кезектеги жумуш ордунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. Практикалык сабак Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын изоляция бөлүмүндө уюштурулду.

Иш-чараны Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучусу Ташиев Замирбек жана изоляция кызматынын башчысынын орун басары Масабиров Искендер жетектешти.

Бул жолку практикалык окутуунун темасы – катуу диэлектриктердин электрдик бышыктыгын текшерүү болду. Сабактын негизги максаты жогорку чыңалуудагы электр жабдууларында колдонулган катуу изоляциялык материалдардын техникалык абалын баалоо, алардын электрдик бекемдигин аныктоо жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүүчү иштер менен студенттерди жакындан тааныштыруу болду.

Практиканын жүрүшүндө катуу диэлектрик катары колдонулган резина, полимер материалдары, фарфор изоляторлору жана трансформатор ток өткөргүчтөрүнүн сырткы изоляциясы текшерүүгө алынды. Адистер катуу диэлектриктердин электр талаасына туруктуулугу, механикалык чыдамкайлыгы, нымдуулукка жана картаюу процесстерине болгон туруктуулугу жабдуулардын ишенимдүү иштешине түздөн-түз таасир этерин түшүндүрүштү.

Өндүрүш шартында электрдик бышыктыкты текшерүүдө материал белгилүү бир чыңалууга чейин жүктөлүп, анын бузулуу чеги аныкталары практикалык түрдө көрсөтүлдү. Изоляцияда микрожарыктар, булгануулар же нымдуулук болгон учурда электрдик бекемдик төмөндөп, авариялык кырдаалдардын жаралуу коркунучу жогорулай турганы мисалдар менен баяндалды.

Студенттер фарфор изоляторлорунун бетиндеги булгануулар жана жаракалар кандайча разряддарга алып келерин, полимер изоляциясынын картаюусун аныктоо белгилерин, ошондой эле трансформатор ток өткөргүчтөрүнүн сырткы изоляциясын текшерүүнүн ыкмаларын көрүштү. Мындан тышкары, коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо, өлчөө шаймандарын туура колдонуу жана техникалык протоколдорду толтуруу тартиби көрсөтүлдү.

Иш-чара студенттердин теориялык билимдерин өндүрүштүк практика менен бекемдөөгө, кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана инженердик жоопкерчиликти терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Студенттер мындай практикалык окутуулар адистикке болгон кызыгууну арттырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө олуттуу таасир берерин белгилешти.