1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

5

Иш ордунда окутуу иш чарасы

Агрардык-техникалык институтунун ЭЭСС-1-22 тайпасынын студенттери үчүн «Релелик коргоо жана автоматика» дисциплинасынын  алкагында жумуш ордунда окутуу иш-чарасы уюштурулду. Сабак Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын релелик коргоо бөлүмүндө өткөрүлдү.

Иш-чараны релелик коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Молдомуратов Жеңиш мырза жана Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучусу Ташиев Замирбектер жетектешти. Бул жолку сабактын темасы – заманбап релелик коргоо модулдарынын түзүлүшү, мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары, ошондой эле аларды электромеханикалык релелер менен салыштыруу болду.

Жумуш ордунда окутуунун жүрүшүндө студенттер релелик коргоонун электр энергетикасындагы мааниси менен терең таанышышты. Жеңиш мырза ар кандай  релелерди  кыска туташуу, ашыкча жүктөм, чыңалуунун нормадан четтеши сыяктуу авариялык режимдерде электр жабдууларын коргоо жана бузулууларды ыкчам локалдаштыруу үчүн колдонуларын түшүндүрүдү.

Сабакта мурда колдонулуп келген электромеханикалык релелердин иштөө принциби, алардын ишенимдүүлүгү жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошол эле учурда заманбап микропроцессордук (санариптик) релелик коргоо модулдарынын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Алардын негизги артыкчылыктары катары жогорку тактык, көп функциялуулук, параметрлерди программалык жөндөө, өзүн-өзү диагностика кылуу, маалыматтарды каттоо жана архивдөө мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.

Студенттер релелик коргоо терминалдарынын түзүлүшүн, туташтыруу схемаларын жана жөндөө параметрлерин иш жүзүндө көрүштү. Ошондой эле авариялык окуяларды талдоо, сигнализация берүү жана автоматтык өчүрүү процесстеринин алгоритмдери тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Бул жумуш ордунда окутуу студенттердин теориялык билимдерин реалдуу өндүрүш шартындагы практикалык иш-аракеттер менен айкалыштырып, релелик коргоо жана автоматика жаатындагы кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууга өбөлгө түздү. Заманбап технологиялар менен түздөн-түз таанышуу алардын инженердик ой жүгүртүүсүн кеңейтип, тармактагы санариптик трансформациянын маанисин терең түшүнүүгө шарт жаратты.

Жыйынтыгында студенттер сабактан көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышканын белгилешип, релелик коргоо бөлүмүнүн адистерине ыраазычылык билдиришти. Мындай жумуш ордунда окутуулар болочок инженер-энергетиктерди заман талабына жооп берген, жогорку квалификациялуу адис катары даярдоодо маанилүү роль ойнойт.