1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

5

Жумуш ордунда окутуу: Релелик коргоо системаларын УПЗ менен текшерүү жана жөндөө

ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун ЭЭСС-1-22 тайпасынын студенттери «Релелик коргоо жана автоматика» дисциплинасы алкагында кезектеги жумуш ордунда окутуу иш-чарасына катышты. Сабак Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын релелик коргоо бөлүмүндө уюштурулду.

Иш-чараны релелик коргоо бөлүмүнүн жетектоочу адиси Сабиткулов Бахтияр мырза жана кафедранын окутуучусу Ташиев Замирбек жетектешти. Мастер-класстын темасы – релелерди ар кандай чыңалуудагы жабдууларда (10 кВден 220 кВге чейин) ток уставкаларын туура коюу жана УПЗ (универсальный прибор защиты) аппаратынын жардамы менен жөндөө болду.

Студенттер жумуш ордунда УПЗ аппараты аркылуу релелердин иштөө принцибин жана алардын өзүнчө орнотмолордо кандай ток уставкалары коюларын практикада көрүштү. Сабиткулов мырза ар бир релелик орнотмонун өзгөчөлүктөрүн, жөндөө этаптарын жана коопсуздук эрежелерин практикалык мисалдар менен көрсөттү.

Мастер-класстын жүрүшүндө студенттер релелердин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өз көзү менен байкап, ток уставкаларын тандоо жана жөндөө жүргүзүү боюнча баалуу маалыматтарды алышты. Ошондой эле алар релелик коргоо системаларындагы замандын талаптарына ылайык, системанын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуунун негизги ыкмаларын үйрөнүштү.

Иш-чаранын аягында студенттер Сабиткулов Бахтияр мырзага практикалык сабак үчүн ыраазычылык билдиришти. Мындай жумуш ордунда окутуулар студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырган абдан маанилүү окуу форматы болуп саналат.