1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

6

Жеке коргонуу каражаттарынын электрдик бекемдигин текшерүү боюнча өндүрүштүк окутуу өткөрүлдү

ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун ЭЭСС-1-22 тайпасынын студенттери үчүн «Изоляция и перенапряжения» окутуму боюнча кезектеги жумуш ордунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. Окуу Жалал-Абад электр тармактар

Бул жолку сабактын темасы – электр тармагында колдонулуучу жеке коргонуу каражаттарынын (СИЗ) электрдик бекемдигин текшерүү, сыноо эрежелери жана эксплуатацияга жарактуулугун аныктоо болду.

Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер жогорку чыңалуу көрсөткүчү (УВН) бар жабдуулар менен иштөөдө колдонулуучу изоляциялоочу штангалардын ар кандай чыңалуу класстары боюнча айырмачылыктарын, алардын колдонуу тартибин жана техникалык талаптарын үйрөнүштү. Ошондой эле диэлектрдик кол каптардын электрдик бышыктыгын текшерүү тартиби, сыноо мөөнөттөрү жана жарактуулугун аныктоо жолдору көрсөтүлдү.

Изоляция бөлүмүнүн адистери коргонуу каражаттары белгиленген нормативдик чыңалууда атайын сыноо стенддеринде текшерилерин, белгилүү убакыт аралыгында агып өтүүчү токтун өлчөмү көзөмөлдөнөрүн түшүндүрүштү. Талапка жооп бербеген каражаттар эксплуатациядан чыгарылары белгиленди.

Студенттер штамп басуу (сыноодон өткөндүгүн белгилөө), техникалык протокол түзүү жана пробиркалык текшерүү иштеринин тартиби менен да таанышышты. Ар бир жеке коргонуу каражаты белгиленген мөөнөттө кайра сыноодон өткөрүлүп турушу зарыл экени жана штамптагы дата анын жарактуулук мөөнөтүн аныктоодо негизги көрсөткүч болуп саналары баса белгиленди.

Иш-чара студенттердин теориялык билимдерин өндүрүштүк практика менен айкалыштырып, электр коопсуздугу боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү. Студенттер мындай практикалык сабактар болочок инженер-энергетиктер үчүн коопсуз иш алып баруунун маанисин терең түшүнүүгө жардам берерин белгилешти.