1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

11

21-февраль — Эл аралык тил күнү  Агрардык-техникалык институтунда.

21-февраль — Эл аралык тил күнүнө карата Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина жана Электроэнергия жана механика кафедралары тарабынан маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага институттун Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Мамтумаров А. Т., мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адиси Кайкиева Ү. Т., кафедралардын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.

Программанын алкагында дүйнө элдеринин ар түрдүү тилдеринде саламдашуулар айтылып, поэзия окулду. Ошондой эле улуттук бийлер аткарылып, макал-лакаптар айтылып, тилдин мааниси жана баалуулугу тууралуу баяндама жасалды. Иш-чара кызыктуу маданий программалар менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

Негизги максат — мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, тилдердин көп түрдүүлүгүн даңазалоо жана студенттердин маданий баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.