1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

Агрардык-техникалык институтунда афганчыларды эскерүү жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук иш-чара уюштурулду.

Иш-чара институттун Ветеринардык медицина жана Электроэнергия жана механика кафедраларынын демилгеси менен өткөрүлүп, достукту, биримдикти жана мекенчилдик духту бекемдөөнү максат кылды.

Спорттук мелдешке жалпысынан 6 команда катышып, оюндар абдан кызуу жана кызыктуу өттү. Катышуучулар жогорку даярдыкты, таймашка болгон эркти жана командалык ынтымакты көрсөтө алышты. Ар бир команда жеңишке умтулуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Мындай иш-чаралар жаш муундарды патриоттук тарбиялоодо, сергек жашоого үндөөдө жана кафедралар аралык ынтымакты чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ.

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан командаларга ыраазычылык билдирилип, мыкты оюн көрсөткөндөр белгиленди.