1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

Афганистандан СССР армиясынын чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы белгиленди

Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына карата Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын улук-окутуучусу Батырова Ы.М. ИЭТ-1-2-24 тайпасы менен биргеликте куратордук саат өткөрдү.

Куратордук сааттын жүрүшүндө 1979–1989-жылдардагы Афган согушу, анын себептери жана кесепеттери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле 1989-жылдын 15-февралында Афганистан аймагынан советтик аскерлердин толук чыгарылышы жөнүндө сөз болуп, согуштун тарыхый сабактары талкууланды.

Студенттер өз ойлорун билдиришип, тынчтыктын баалуулугу, мекен алдындагы милдет жана жоокерлердин эрдиги тууралуу пикир алышты. Иш-чара мазмундуу жана таасирдүү өтүп, жаш муунга патриоттук тарбия берүүдө маанилүү орунду ээледи.