1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

Агрардык-техникалык институтунун окутуучулары кадрларды кайра даярдоо курсунда окуп жатышат. 

Агрардык-техникалык институтунун жамааты жогорку кесиптик билим берүү тармагында окутуу ишин жүргүзүү үчүн кадрларды кайра даярдоо курсунда билим алып жатышат. Бул курс педагогикалык билими жок, бирок жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде сабак берген мугалимдер үчүн уюштурулган. Окутуу программасы 900 саатка пландаштырылып, теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт. Курстун негизги максаты — мугалимдердин педагогикалык, методикалык жана кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, заманбап билим берүү талаптарына жооп берген адистерди даярдоо болуп саналат. Курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк (диплом) берилет.