1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

Агрардык-техникалык институту кышкы "Ден соолук-2026" спартакиадасында  3-орунду ээледи.

2026-жылдын 19-24-январь күндөрү өткөрүлгөн «Ден соолук - 2026» кышкы спартакиадасы жогорку денгээлде уюштурулуп, спорттук духка, ынтымакка жана сергек жашоого багытталган чон майрам болду. Бул масштабдуу иш-чарада Агрардык-техникалык институтунун жалпы профессордук-окутуучулук курамы өзүнүн активдүүлүгүн, биримдигин жана спортко болгон сүйүүсүн айкын көрсөтө алды.

Спартакиаданын алкагында спорттун стритбол, тогуз коргоол, шахмат, волейбол (алдар жана эркектер курамы), футзал, аркан тартмай жана стол тенниси сыяктуу бир катар түрлөрү боюнча кызыктуу жана курч атаандаштыктагы мелдештер болуп өттү. Ар бир таймашта АТИнин командасы кайраттуулук, чеберчилик жана командалык ынтымак менен ойноп,мыкты жыйынтыкка жетишти. Жыйынтыгында, Агрардык-техникалык институту жалпы командалык эсепте 3-орунду багындырып, акчалай байгеге ээ болду. Бул ийгилик - институттун жамаатынын биримдигинин, сергек жашоого умтулуусунун жана жогорку жоопкерчиликтин жаркын далили. Агрардык-техникалык институтунун жамаатынжетишкен ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда дагы көптөгөн жеңиштерди, спорттук бийиктиктерди багындыра берүүнү каалайбыз.

ЖАШАСЫН ЖАМУ!

ЖАШАСЫН АТИ!