1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

65

  Агрардык-техникалык институтта окуу-таанышуу практикасынын жыйынтык конференциясы өттү.

    Агрардык-техникалык институттун энергетика багытындагы ЭЭСС-1-24 тайпасынын студенттеринин окуу-таанышуу практикасы боюнча отчетторун кабыл алуу максатында жыйынтыктоо конференция уюштурулду.     Конференцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Н.С., институттун директору, кафедра башчысы, ошондой эле практика жетекчилери катышты.  Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика мезгилинде аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, жол картада каралган тапшырмалардын негизинде алган билимдерин жана тажрыйбаларын презентациялар аркылуу көрсөтүп беришти. Алар энергетика тармагындагы өндүрүштүк процесстер, электр жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрү жана коопсуздук эрежелери тууралуу кеңири маалымат алганын белгилешти.  Ар бир студенттин баяндамасы угулуп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, жеринде талкуу жүргүзүлдү. Талдоо-талкуулардын жыйынтыгында студенттердин билим деңгээли жана практика учурундагы активдүүлүгү практиканы  баалоо критерийлеринин негизинде  бааланып, жыйынтык чыгарылды.  Иш-чаранын соңунда сунуш катары: - окуу жай менен өндүрүш ишканаларынын ортосундагы кызматташууну мындан ары күчөтүү; - студенттердин практиканы өтүүдө жоопкерчилигин арттыруу; - практикалык көндүмдөргө көбүрөөк басым жасоо зарылдыгы белгиленди.

          Жыйынтыктоочу  конференция студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдоодо маанилүү роль ойной турганы баса белгиленди.