1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

35

1

Агрардык-техникалык институтунун ИЭТ(маг)веч-1-25 тайпасы илимий-изилдөө практикасынын отчетун ийгиликтүү коргоду.

ИЭТ(маг)веч-1-25 тайпасы 2025-жылдын 24-декабрында илимий-изилдөө (жумуш) практикасы боюнча отчетун ийгиликтүү коргоп тапшырышты. Отчетту коргоо БАС кафедрасында өткөрүлүп, иш-чарага кафедранын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана кафедранын окутуучулук курамы катышты.

Практиканын жүрүшүндө магистранттар өздөрүнүн изилдөө темаларынын алкагында теориялык материалдарды терең изилдеп, практикалык иштерди жүргүзүштү. Алынган жыйынтыктар талданып, жыйынтыктоочу корутундулар чыгарылды. Отчетту коргоо маалында студенттер аткарылган иштерди мазмундуу презентациялар аркылуу баяндап, коюлган суроолорго так жана жүйөлүү жооп беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында комиссия тарабынан магистранттардын отчеттору оң бааланып, тайпанын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө болгон жоопкерчиликтүү мамилеси жана даярдык деңгээли жакшы экени белгиленди.