1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

26

Агрардык-техникалык институтунда таанышуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Беков Төрөгул Ниязович, ЖАМУнун ректору Усенов Кенеш Жумабекович, институттун директору Азиза Баймаматовна, доцент Карипов Куванчбек Асакулович жана ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Иш-чаранын алкагында коноктор ветеринардык медицина кафедрасы үчүн даярдалган клиника жана лаборатория менен таанышып чыгышты. Материалдык-техникалык базаны көрүү учурунда окутуу жана практикалык иштерди жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар жогору бааланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору кафедра үчүн 50 миң АКШ долларына заманбап лабораториялык жабдууларды алып берерин билдирди. Ошондой эле келечекте ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен пландар бар экенин белгиледи.