1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

17

Энергетик болуу — бул жөн гана кесип эмес, бул — элге кызмат кылуу, бул — жоопкерчилик, сабырдуулук жана эрдик талап кылган ыйык иш.

2025-жылдын 22- декабрь күнү Агрардык-техникалык институтунун Электроэнепргетика жана механика кафедрасында энергетика күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Анда концерттик программа, студенттер арасында БРЕЙН-РИНГ интеллектуалдык оюну, дубал газета сынагы, бүтурүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.

            Салтка айланып калгандай, Жалал-Абад электр тармактары ишканасына эмгектенген ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрүнө Ардак грамоталар тапшырылды.

            Институтта өткөрүлгөн иш-чарага директор Карбекова А.Б., ЖАЭТ ишканасынан коноктор, бүтүрүүчүлөр, т.а. жетектөөчү инженерлер келип катышышыты.

Алар: Маметов Талант, Алиев Бакыт, Акунов Насирдин, Шербаев Жоомарт, Сатимбаев Бекзат.

            Концерттик программа ЭС-1-25, ЭЭСС-1-24, ӨКК-1-24 тайпасынын студенттеринин катышуусу менен даярдалды, куттуктоолор, ырлар, бийлер, ребус оюну, студенттер тарабынан даярдалган видеотасмалар болду.

            Брейн-ринг интеллектуалдык оюнду ЖАЭТ ишканасынын СНТБнын жетектөөчү инженери Акунов Насирдин уюштуруп, ар бир курстан бирден команда катышты. Студенттерге логикалык жана адистиктин өзгөчөлүгүн эске алган кызыктуу суроолор болду. Уткан командалар 1-2-3- даражадагы дипломдор менен сыйланышты жана белетерге ээ болушту.

            Тайпалар ортосунда дубал газета сынагы боюнча кызыктуу жана энергетиканын мүмкүнчүлүктөрүн даңазалап даярдалган, катышуучулар калыстар тарабынан бааланды. 

            Иш-чаранын соңунда бүтүрүүчүлөр студенттерге өздөрүнүн иш жолу, кантип ийгиликке жетишкендиктерин айтып өттү. Ошондой эле  учурдагы заманбап электр орнотмолор боюнча конок лекция болуп өттү.

            Уюштуруучуларга, ЭЭ жана М кафедрасынын башчысы К.А.Кокумбаевага, жалпы жамаатка жана студенттерге ийгилик каалап, 22- декабрь энергетиктердин кесиптик майрамына арналган саамалык жыйынтыкталды.