1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

15

Сабакта санарип ресурстарды колдонуу боюнча мастер-класс өткөрүлдү. 

Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын окутуучусу Момбаев Алмазбек тарабынан кафедранын окутуучулары үчүн «Сабакта санарип ресурстарды эффективдүү колдонуу» темасында мастер-класс өткөрүлдү.

Мастер-класстын жүрүшүндө заманбап санарип ресурстарды окуу процессине интеграциялоо, онлайн платформаларды, интерактивдүү инструменттерди жана билим берүү технологияларын колдонуу ыкмалары практикалык мисалдар менен көрсөтүлдү. Ошондой эле сабактын сапатын жогорулатууда санарип каражаттардын ролу, студенттердин активдүүлүгүн арттыруу жолдору талкууланды.

Иш-чара тажрыйба алмашууга багытталып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикалык кеңештерди алышты. Мастер-класс окутуучулардын санарип компетенциясын жогорулатууга жана заманбап билим берүү талаптарына ылайык иш алып барууга өбөлгө түздү.