1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

31

Аалам жана Айтматов.

«Баатырдын руху, залкардын сөзү» аталышындагы жумалыктын алкагында Агрардык-техникалык институтунун ИЭТ-1-2-24 тайпалары 12-декабрь 2025-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Аалам жана Айтматов» аттуу эскерүү куратордук сабагын өткөрүштү. Иш-чараны тайпанын куратору Батырова Ы.М. уюштурду. Эскерүү сабагынын негизги максаты — Айтматов чыгармачылыгынын ааламдык масштабын, анын жазган көркөм ойлорунун тереңдигин жана философиялык маңызын студенттерге түшүндүрүү, ошондой эле жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы ордун дагы бир жолу эске салуу болду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер «Аалам жана Айтматов» темасынын негизинде даярдаган мазмундуу презентацияларын көрсөтүштү. Алар жазуучунун:

• адам менен табияттын байланышы,

• руханий дүйнө жана адам тагдыры,

• космостук ой жүгүртүү жана глобалдык көйгөйлөр,

• тарых, маданият жана адамзат баалуулуктары тууралуу жазган чыгармаларындагы кең ааламдык көз карашты талдап беришти.

Айтматовдун «Гүлсарат», «Жамиля», «Кылым карытар бир күн», «Адамдын тагдыры», «Кассандра тамгасы» сыяктуу чыгармаларынан үзүндүлөр окулуп, алардагы космос метафоралары, философиялык суроолор, адамдын адамга болгон жоопкерчилиги тууралуу ойлор талкууга коюлду. Иш-чара жылуу, руханий бай атмосферада өтүп, студенттердин Айтматовдун дүйнөсүнө болгон кызыгуусун арттырды. «Аалам жана Айтматов» темасындагы бул эскерүү сабагы жаш муун үчүн зор тарбиялык жана таалимдик мааниге ээ болгон мазмундуу жолугушуу болуп жыйынтыкталды.