1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

24

Агрардык-техникалык институтунда 2-модулдун тапшыруу процесси текшерилди.

2025–2026-окуу жылында Агрардык-техникалык институтунда 2-модулдарды тапшыруу иш-чаралары белгиленген тартипте өткөрүлүүдө. Модулдарды тапшыруу процессинин ачык-айкындуулугун жана талаптарга ылайык уюштурулушун көзөмөлдөө максатында коомдук комиянын ата-энелер тарабынан мүчөсү Сабирханов Алымкул Исраилович текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө модулдарды тапшыруудагы тартип, уюштуруу иштери жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар каралып, тиешелүү талаптардын сакталышы бааланды. Коомдук комиссия тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга жана адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган.

Институт жетекчилиги ата-энелер менен коомчулуктун активдүү катышуусун колдой тургандыгын белгилеп, мындай иш-чаралар мындан ары да улантыларын маалымдады.