1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

30

15-декабрдан тартып Агрардык-техникалык институтунда 2-модул тапшыруу жүрүп жатат. Модул тапшыруу учурунда дежурлар, коомдук комиссия жана предметтик мугалимдер модулдун жүрүшүн көзөмөлдөп жатат.

Студенттер модулга жигердүү катышып, билимин так жана такталган убакытта көрсөтүүдө. Аудиторияларда тынч жана тартиптүү абал түзүлүп, ар бир студентке ыңгайлуу шарттар каралган. Комиссия мүчөлөрү жана мугалимдер студенттердин жоопторун кылдат текшерип, адилет баалоого өзгөчө көңүл бурушууда.

Модул тапшыруу – студенттер үчүн билим деңгээлин сынап, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк. Бул процесс институттун билим сапатын жогорулатууга, студенттердин жоопкерчилигин арттырууга жана кесиптик даярдыгын бекемдөөгө багытталган.

Институт жетекчилиги модулду жогорку деңгээлде өткөрүүнү көздөп, бардык керектүү шарттарды түзүп берген. Студенттер болсо билим мээнети текке кетпей, ийгиликтүү жыйынтыктарга жетүүгө умтулушууда.