1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

21-ноябрь күнү жумуш ордунда окутуу сабагын Султаналиева Кумушай Кудайбердиевна ЭС-1-23 тайпасынын студенттери үчүн Көк-Арт чакан ГЭСинде өткөрүп келди.

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасы.
Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасы.

Сабактын темасы:“Кыргызстанда чыгарылган микро ГЭСтердин номенклатурасы жана техникалык характеристикаларын изилдөө. Активдүү турбинасы бар портативдүү микро ГЭСтин конструкциясын үйрөнүү”.

Практикалык окуу иш-чарасынын алкагында студенттер төмөнкү багыттар боюнча кеңири жана түшүнүктүү маалымат алышты:

  • Кыргызстанда чыгарылган микро жана портативдүү ГЭСтердин түрлөрү, моделдери жана колдонуу чөйрөлөрү;
  • Микро ГЭСтердин негизги техникалык көрсөткүчтөрү: кубаттуулугу, напору, дебити жана иштөө принциптери;
  • Активдүү (сырткы басым менен иштеген) турбиналардын конструкциялык өзгөчөлүктөрү;
  • Портативдүү микро ГЭСтин түзүлүшү, түйүндөрү, иштөө механизми жана монтаждоо тартиби;
  • Реалдуу ГЭС объектисинде жабдыктардын ишин көрүү, өлчөмдөрдү талдоо жана практикалык суроолорго жооп алуу.

Сабак учурунда студенттер гидроэнергетикалык жабдыктардын түзүмү жана иштөө логикасы боюнча теориялык билимдерин практикалык түрдө бекемдеп, өздөрү үчүн маанилүү техникалык көндүмдөргө ээ болушту. Окутуучу Султаналиева К.К. студенттердин ар бир суроосуна кеңири түшүндүрмөлөрдү берип, чакан ГЭСтин иштөө процессин деталдуу талдап көрсөттү.

Кок-Арт чакан ГЭСиндеги бул практикалык окуу студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, гидроэнергетика багытындагы билимдерин тереңдетти. Реалдуу шартта өтүлгөн мындай сабактар студенттердин келечектеги кесипке болгон кызыгуусун арттырып, өзүнүн билимин практикада кантип колдонууга болорун түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Сабак жогорку деңгээлде өттү, студенттер көптөгөн жаңы маалыматтарды өздөштүрүп, гидроэнергетикалык жабдыктардын иштөө логикасын тереңирээк түшүнүштү. Окутуучу Султаналиева Кумушай Кудайбердиевнанын түшүндүрмөлөрү сабактын мазмунун толук ачып, өндүрүштүк практика менен теорияны айкалыштырды.