1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасы: Жумуш ордунда окутуу

ЭС-1-23 тайпасында «Электр энергияны өндүрүү» дисциплинасы боюнча окуу процессинин графигине жана жумушчу программага ылайык ЖОО боюнча Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын Жалал-Абад 110/35/10/6 көмөкчү чордонуна барып лабораториялык, практикалык сабактар өтүлүүдө. Окутуучу доцент К.А.Кокумбаева.

11.12.2025-жылы төмөнкү лабораториялык иштер боюнча: Тема: 1.Жогорку чыңалуудагы ажыраткычтар, вакуумдук выключателдер, 2. КБТнынн 10 кВ ячейкасы лабораториялык сабактар өтүлдү.

Негизинен теориялык бөлүгүн студенттер даярдап барышкан, “Жогорку чыңалуудагы ажыраткычтар, вакуумдук выключателдер” аттуу лабораториялык иш боюнча боюнча ал жерден практика жүзүндө ажыраткыч жана вакуумдук выключателдер менен таанышышты, паспорттогу берилген номиналдуу параметрлери менен  азыр иштеп аткандагы номиналдуу параметрлерин салыштырышты. Май выключателдери менен вакуумдук, элегаздык выключателдерди салыштыруу менен, вакуумдук, элегаздык выключателдердин жакшы жактарын терең өздөштүрүүгө, май выключателдеринин жетишпеген жактарын аныктоого шарт түзүлдү.   

Кийинки тема: КБТнын 10 кВ ячейкасы. Бул боюнча КБТнын ичине кирип, ал жерде орнотулган вакуумдук выключателдер менен кенири таанышуу болду. Себеби бир фидердин өчүк болгондугуна байланыштуу 10 кВ чыңалуудагы ваакумдук выключателдин негизги параметрлери менен кеңири таанышуу болду, түзүлүшү, иштөө принциби  ошол жерде талкууланды.

Лабораториялык иш учурунда аткарылуучу тапшырмалар аткарылды жана тиешелүү таблицалар толтурулуп, графиктер тургузулду, лабораториялык иштердин отчеттору даярдалды. Ар-бир сабак максатына жетти.

Өз алдынча иштөөгө студенттерге тапшырма берилди:

1. КБТнын 10 кВ ячейкасындагы коопсуздук эрежелерин тизмектеп жазуу (кеминде 7 эрежe).

2.Вакуумдук выключателдин конструкциялык бөлүктөрүн (контакт системасы, өчүрүү камерасы, башкаруу механизми) атап, алардын функциясын түшүндүрүү.

3. «Эмне үчүн азыркы электр тармактарында вакуумдук жана элегаздык выключателдер кеңири колдонулууда?» деген темада 1–1,5 бет эссе жазуу.

4. Келечекте КБТ ячейкаларын санариптик технологиялар (SCADA, мониторинг системалары) менен жабдуунун артыкчылыктарын талдап берүү.

Студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу теориялык билимин практика жүзүндө тастыктоо үчүн өбөлгө болоору далилденди.