1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Баатырдын руху, залкардын сөзү.

"Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси тарабынан жарыяланган "Баатырдын руху, залкардын сөзү" аталышындагы жумалыктын алкагында Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын ИЭТ-1-2-24 тайпаларынын куратору Батырова Ы.М. 10-декабрь 2025-жылы мазмундуу куратордук ачык саат өткөрдү.

Иш-чаранын максаты — студенттерге кыргыздын алп инсандары, алардын баатырдык жолу, калтырган мурастары жана элибиздин руханий байлыгын түптөгөн тарыхый инсандар тууралуу терең маалымат берүү болду. Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер атайын даярдаган презентацияларын сунуштап, кыргыз тарыхынын көрүнүктүү инсандарынын өмүр жолу, коомго кошкон салымы, эрдиктери жана чыгармачылык мурастары тууралуу кеңири баяндап өтүштү. Алардын арасында манасчылар, акын-жазуучулар, баатырлар, илимпоздор жана элибиздин өнүгүшүнө таасир эткен мамлекеттик ишмерлер тууралуу мазмундуу маалыматтар камтылды.

Ар бир студент өз презентациясында тарыхый фактыларды мисал келтирип, кыргыз элинин улут болуп сакталып калышында руханий дүйнө, биримдик, мекенчилдик жана улуттук аң-сезим кандай роль ойногонун белгилешти. Ошондой эле кыргыздын алп инсандарынын жашоодогу аракеттери бүгүнкү жаш муун үчүн үлгү болору, алардын сөздөрү менен идеялары бүгүн да актуалдуу экени талкууланды. Иш-чарада айрым инсандардын чыгармаларынан үзүндүлөр окулуп, чакан талкуу уюштурулду. Студенттер кыргыз элинин залкарларынын калтырган мурастары — бул жөн гана тарых эмес, бүгүнкү күндө да коомду тарбиялоого, патриоттук сезимди күчөтүүгө зор салым кошкон баалуулук экенин айтышты.