1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Ааламды алаканга батырган Айтматов.

«Баатырдын руху, залкардын сөзү» аталышындагы жумалыктын алкагында 11-декабрь 2025-жылы Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында кафедралык иш-чара өттү. Иш-чаранын темасы «Ааламды алаканга батырган Айтматов» деп аталды.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышышты. Жыйындын жүрүшүндө студенттер өздөрү даярдаган мазмундуу презентацияларын көрсөтүп, Айтматовдун чыгармачылыгынын философиялык маанисин, адам жана табият ортосундагы байланыштарды, руханий баалуулуктарды жана адамдын адамга болгон жоопкерчилигин талкуулашты. Студенттер Айтматовдун чыгармачылыгындагы ааламдык көз караштарды, космостук ой жүгүртүүнү жана глобалдык проблемаларды мисалдар менен түшүндүрүштү.

Презентациялардын соңунда студенттер өз ой-пикирлерин ортого салышып, Айтматовдун чыгармачылыгынын жаш муун үчүн тарбиялык жана маданий маанисин талкуулашты. Муну менен катар, студенттердин чыгармаларды терең түшүнүүсү, мазмундуу талкуу жүргүзүүсү жана активдүү катышуусу окутуучулар тарабынан жогорку бааланды. Иш-чара жылуу жана руханий бай атмосферада өтүп, студенттерде Айтматовдун дүйнөсүнө болгон кызыгуу жогорулады. «Ааламды алканга батырган Айтматов» темасындагы кафедралык иш-чара жаш муун үчүн терең тарбиялык жана билим берүү маанисине ээ мазмундуу жолугушуу болуп жыйынтыкталды.