1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

1

 Манас жана Айтматов ааламына арналган жумалык

Агрардык-техникалык институтунун ЭЭСС-1-24 тайпасында «Баатырдын руху — залкардын сөзү» аттуу Манас жана Айтматов ааламына арналган жумалыктын алкагында «Манастагы баалуулуктар» темасында тарбиялык саат болуп өттү. Иш-чараны куратор Ташиев Замирбек  алып барды.

Анда Манас эпосундагы негизги баалуулуктарды студенттерге түшүндүрүү, мекенчилдик, адамгерчилик, ынтымак, айкөлдүк сыяктуу сапаттарды жаш муунга үлгү катары көрсөтүү, руханий маданиятты жана улуттук аң-сезимди өркүндөтүү болуп эсептелет.

Сабактын башында куратор студенттерге «Манас» эпосунун кыргыз эли үчүн руханий кодекс экенин, анын баалуулуктары бүгүнкү күндө да актуалдуу экенин белгилеп өттү. Суроо-жооп аркылуу студенттердин эпос тууралуу түшүнүгү жана жеке көз караштары угулду.

Негизги бөлүктө Манас эпосундагы төмөнкү баалуулуктар кеңири түшүндүрүлдү:

— Мекенчилдик: Манастын эли-жери үчүн жан аябаган эрдиги.

— Эл биримдиги жана ынтымак: ар түрдүү уруулардын биригүүсү, акылмандар кеңешинин мааниси.

— Адамгерчилик жана адилеттик: кедей-кембагалдарга камкордук, чынчылдык, акыйкаттык.

— Айкөлдүк жана кечиримдүүлүк: жеңилген душманга да адамдык мамиле жасоо.

Практикалык бөлүктө студенттер эки топко бөлүнүп иштешти. Биринчи топ патриоттук эпизодду азыркы жашоо менен байланыштырса, экинчи топ айкөлдүк темасын талдап, анын тарбиялык маңызын түшүндүрдү.

Талкуу учурунда азыркы жаштарга кайсы баалуулуктар керектүүрөөк экени, Манастагы кайсы сапат үлгү боло алары жана мекенчилдикти кантип өстүрүү керектиги боюнча ойлор айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында куратор Ташиев Замирбек: «Манас эпосундагы адамгерчилик, ынтымак жана мекенчилдик сыяктуу баалуулуктар – түбөлүктүү руханий мурас, алар бүгүн да жаш муун үчүн абдан маанилүү» деп белгиледи. Студенттер өздөрүнүн кыскача рефлексияларын айтып, бул тарбиялык сааттан алган ойлорун бөлүштү