1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-21 тайпасынын студенти өндүрүштүк-врачтык практиканын алкагында туутка жардам берүү иштерине катышты.

2025-жылдын 27-октябрынан тарта АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-21 тайпасынын студенти Джолдошов Эгемберди өндүрүштүк-врачтык практикасынан өтүп жатат. Практика чөйрөсү — реалдуу өндүрүштүк шарттагы ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр жана акушердик жардам көрсөтүү иштери.

Практика учурунда студент кафедранын окутуучусу Надырбек уулу Эпос агай менен биргеликте малды кесарево жолу менен туутка жардам берүү операциясына катышты. Бул иш-чаранын жүрүшүндө студентке ветеринардык акушерствонун негизги практикалык элементтери терең үйрөтүлдү.

Иштин жүрүшүндө төмөнкү көндүмдөр жана этаптар аткарылды:

малды туура байлоо жана матоо ыкмаларын колдонуу;

малдан толук жана так анамнез чогултуу;

туут процесстерин баалоо жана жардам көрсөтүүгө даярдоо;

кесарево жолу менен туутка катышуу жана операциянын этаптарын байкоо;

акушердик жардам көрсөтүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо;

теориялык билимди өндүрүштүк шартта бекемдөө.

Практиканын бул бөлүгү студенттин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, өз алдынча иштөө жөндөмүн бекемдөөгө жана чыныгы ветеринардык кырдаалдарда ыкчам чечим кабыл алуу тажрыйбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

Ветеринардык медицина кафедрасы студенттердин практикалык көндүмдөрүн чыңдоого өзгөчө көңүл буруп, аларды кесиптик чөйрөгө даярдоону уланта берет.