1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

“Биз СПИДге каршыбыз” аталышындагы волейбол турнири өткөрүлдү.

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИДге каршы күрөш күнүнө карата АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасы “Биз СПИДге каршыбыз” аталышында волейбол боюнча спорттук иш-чара өткөрдү. Иш-чарага бардык тайпалар активдүү катышып, турнир жогорку маанайда, кызыктуу атаандаштыкта өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында терс таасирлерден алыс болууга үндөө, ден соолуктун маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана дени сак муунду тарбиялоого көмөктөшүү болду.

Турнирдин жыйынтыгында төмөнкү тайпалар жеңүүчү деп табылды:

1-орун — В-1-21 тайпасы

2-орун — В-1-24 тайпасы

3-орун — В-1-22 тайпасы

Бул иш-чара студенттердин биримдигин, достук мамилесин бекемдеп, спортко болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошту.