1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

“Баатырдын руху, Залкардын сөзү” аталышындагы адабий кече өткөрүлдү.

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасында өтүп жаткан жумалыктын алкагында В-1-23 жана В-1-24 тайпалары тарабынан “Баатырдын руху, Залкардын сөзү” аталышында адабий кече уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чынгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан Толгонайдын Жер Эне менен болгон сүйлөшүүсү образдуу түрдө сахналаштырылып, көрүүчүлөргө терең таасир калтырды. Ошондой эле “Башканы коюп , Манасты айт” деген ураан алдында Манас эпосунан үзүндү аткарылып, студенттер эпостун баатырдык духун чеберчилик менен көрсөтүп беришти.

Адабий кеченин соңу Чынгыз Айтматовго арналган поэзия кечеси менен улантылып, студенттер улуу залкардын чыгармачылыгына болгон урмат-сыйын көркөм окуулар менен айгинелешти.

Бул иш-чара студенттердин көркөм-чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, улуттук маданиятты баалоого жана классикалык адабиятка кызыгуусун арттырууга багытталды.