1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

“Баатырдын руху — залкардын сөзү” аттуу куратордук саат өтүлдү.

2025-жылдын 12-декабрында улуу жазуучу, гуманист жана дүйнөлүк адабияттын залкары Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Агрардык- техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасында “Баатырдын руху — залкардын сөзү” аттуу тарбиялык багыттагы куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылык изденүүлөрү тууралуу маалымат алып, анын адамгерчилик, руханий тазалык жана улуттук баалуулуктарды камтыган чыгармалары жөнүндө өз ойлорун ортого салышты. Ар бир студент өзүнө жаккан чыгармасынан кеп козгоп, чыгармадагы каармандар аркылуу берилген терең философиялык мазмунду талдашты.

Иш-чарага Электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы Кокумбаева К.А. да катышып, Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду, анын кыргыз элин дүйнөгө таанытуудагы салымы жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал студенттерге улуу жазуучунун калтырган мурасына таянып, адамдык сапаттарды бийик тутууга чакырды.

Иш чараны ЭС-1-23 тайпасынын куратору М.Кочкорова уюштуруп, талкууга тайпанын студенттери баары активдүү катышышты. Көркөм окуулар, ой бөлүшүүлөр жана чакан презентациялар менен коштолгон тарбиялык саат жаштардын руханий өнүгүүсүнө чоң салымын кошту.

Чыңгыз Айтматовдун мурасы- бул элдин наркы, адамзаттын рухий багыты!

Мындай иш - чаралар анын кадыр- наркын урматтап, муундан- муунга өткөрүүдө маанилүү роль ойнойт.