1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Агрардык -техникалык институтунун методикалык кеңеши жана анын мүчөлөрү тарабынан «Инновациялык окутуу ыкмалары» аттуу заманбап тенденцияларга шайкеш келген мыкты мастер-класс өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — окутуу процессине жаңы педагогикалык технологияларды, санариптик чечимдерди, практикалык моделдерди киргизүү жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу болду.

Мастер-класс жогорку деңгээлде, тыкан уюштурулуп, кафедралардын окутуучулары өздөрүнүн мыкты методдорун, автордук ыкмаларын жана инновациялык тажрыйбаларын сунушташты. Катышуучулар интерактивдүү тапшырмалар, жандуу демонстрациялар жана талкуулар аркылуу заманбап билим берүүнүн артыкчылыктарын практикада көрүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында адистер билим берүү сапатын жакшыртууда кафедралар аралык кызматташтыктын маанилүүлүгү дагы бир жолу тастыкталды. Мастер-класс катышуучулардын олуттуу кызыгуусун жаратып, АТИнин билим берүү мейкиндигиндеги инновациялык өнүгүүсүн дагы да бекемдеди.