1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Агрардык-техникалык институтунда “Манас эпосундагы баатырдык, нарк-насил жана биримдик идеялары” жана Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук нарктуулуктар темасында тегерек стол өттү.

Агрардык-техникалык институттун Ветеринардык медицина кафедрасы тарабынан улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын негизги темасы — “Манас” эпосундагы баатырдык, нарк-насил жана биримдик идеялары, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук нарктуулуктар болду.

Иш-чарага институттун директорунун орун басары, Ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана 1- жана 4-курстардын студенттери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө:

тематикалык презентациялар жана докладдар,

Манас айтуу,

суроо-жооп талкуулары өткөрүлдү.

Мындан сырткары, сүрөт көргөзмө жана китеп көргөзмө-выставкасы уюштурулуп, студенттерге жана катышуучуларга улуттук мурас тууралуу терең маалымат берилди.

Иш-чара улуттук маданиятты, руханий дөөлөттөрдү даңазалоо менен бирге студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган маанилүү платформа болду.