1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

137

Агрардык-техникалык институтунун студенттери "Даанышман" интеллектуалдык оюнунда.

2025-жылдын 4-декабрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Манас” эпосунун күнүнө жана залкар жазуучубуз Ч.айтматовдун 97 жылдыгына карата “Даанышман” интеллектуалдык оюну жаштар комитети тарабынан өткөрүлдү.

“Даанышман” – бұл студенттердин интеллектуалдык, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүн колдогон билим берүүчү оюн форматы. Ал окутууда кызыгууну арттырып, чыгармачыл ой жүгүртүүгө жана атаандаштык духуна стимул берет.

“Даанышман” интеллектуалдык оюну — бул жөн эле оюн эмес, студенттердин интеллектуалдык, коммуникативдик, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсүн камсыздаган күчтүү педагогикалык инструмент.

Ал оюнга Агрардык-техникалык институттун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын студенттеринен түзүлгөн “ЭРУДИТ”  командасы активдүү катышышты.

Жыйынтыгында, катышкан 10 команданын ичинен АТИнин “ЭРУДИТ” командасы 2-орунду ээлешти, диплом менен сыйланышты.

Командадагы катышкан ЭС-1-25 тайпасынын студенттери: Эркинов Элмурас, Женалиева Мээримай Кутубековна, Төрөбекова Аймончок, Каримбаев Мухамбеталы.

Дагы белгилей турган нерсе, буга чейинки жаштар комитети тарабынан Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата өткөрүлгөн интеллектуалдык оюнда “ЭРУДИТ”  командасы 1- орунду ээлегендигин белгилеп кетсек болот.

АТИнин студенттеринин окууларына, жана коомдук иштерине ийгилик каалайбыз!! Алга АТИ!