1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасында ата-энелер жыйыны болуп өттү.

БАС кафедрасында ГДк-1-25 тайпасынын студенттеринин ата-энелери катышкан ата-энелер чогулушу уюштурулуп, жыйын жылуу жана иштиктүү маанайда өттү. Иш-чараны БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана тайпанын куратору Б.К. Усенов алып барышты.

Жыйында 2025–2026-окуу жылында жаңы ачылган адистик боюнча ата-энелерге кеңири маалымат берилди. Аларга билим берүү программасынын мазмуну, студенттерге коюлган академиялык талаптар, практикалык даярдык өзгөчөлүктөрү жана адистиктин келечектеги мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрмө жасалды. Ошондой эле окутуу процессиндеги жаңылыктар жана окуу дисциплинасы боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, сабактарды көп себепсиз үзгүлтүккө учураткан студенттердин ата-энелери менен кошумча түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, алардын окуу жетишүүсүн жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

Жыйын ата-энелердин суроо-жооптору менен улантылып, ынтымактуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган мазмундуу пикир алышуу менен жыйынтыкталды.