1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын студенттери ВИЧ/СПИДке каршы тегерек стол өткөрүштү.

1-декабрь күнү ВИЧ/СПИДке каршы күнүнө карата Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын студенттери тегерек стол уюштурушту.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Ар бир тайпадан студенттер өз докладдарын жана презентацияларын сунуштап, ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүү боюнча активдүү талкуу жүргүзүштү.

Катышуучулар илимий маалыматтарды талдап, актуалдуу маселелерди карап чыгып, алдын алуу жолдору жана коомдук маалыматтык иштер тууралуу пикир алмашышты. Тегерек столдун максаты — студенттердин ден-соолукка кам көрүү боюнча билимин кеңейтүү жана ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүү аракеттерин колдоону жогорулатуу болду.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин активдүүлүгү жана тема боюнча терең талкуусу жогорку баага татыды.