1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик.

2024-жылдын 18-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында, 4-декабрь күнү Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын студенттери масштабдуу тегерек стол өткөрүштү.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышышты. Тегерек стол ар бир тайпанын даярдаган мазмундуу докладдары жана презентациялары менен коштолуп, уңгужолдун негизги идеялары, улуттук баалуулуктардын мааниси жана өлкөнүн өнүгүү перспективасы кеңири талкууланды.

Талкуу учурунда студенттер Кыргыз Республикасынын эгемендүү, демократиялык, укуктук жана социалдык мамлекет катары дүйнө өлкөлөрү тарабынан таанылганы, элдин мамлекеттүүлүккө болгон сыймыгы жана жоопкерчилиги тууралуу өз ойлорун ортого салышты. Кыргыз Республикасы — өз ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзгөн, мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы эли болгон, унитардык түзүлүштөгү өлкө экени баса белгиленди. Ошондой эле тарыхый фактылар тууралуу да сөз болду. Студенттер кыргыз эли көп кылымдар бою катаал сыноолордон өтүп, биримдик менен эгемендүүлүккө жеткенин, көптөгөн элдердин аттары гана тарыхта калган учурда кыргыз эли өзүнүн улуттук жүзүн, рухий дүйнөсүн, жаамыдуулугун сактап калганын белгилешти.

Тегерек столдо “Манас” үчилтигинин улуттук гана эмес, дүйнөлүк маанидеги эпикалык мурас экени, кыргыз элинин руханий демине дем кошуп келген улуу булак катары ар бир жарандын дүйнөтаанымын байытуучу ролу да талкууланды. Студенттер Кыргыз Республикасынын көп этностуу эли билимге, маданиятка, илимге жана жаңыланууга умтулган улуттук демге ээ экенин, учурда өлкөнүн бардык багыттар боюнча дүйнөлүк деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгилешти. Улуттук баалуулуктарды сактоо, биримдикти чыңдоо, өлкөнүн өнүгүүсүнө жеке салым кошуу — ар бир жарандын милдети экени айтылды.

Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер:

·         өлкөнүн унитардык түзүлүшүн сактоонун маанисин,

·         эгемендүүлүктүн тарыхый жана саясий баасын,

·         улуттук идеологиянын коомду бириктирүүчү ролун,

·         ар бир жарандын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ордун,

·         Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлге чыгаруудагы жаштардын миссиясын талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктиктерди багынтуу — ар бир жаш муундун жоопкерчилиги экенин белгилешти.

Тегерек стол жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин терең ойлору, активдүү катышуусу жана теманы түшүнүүдө көрсөткөн аналитикалык жөндөмү окутуучулар тарабынан жогору бааланды.