1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

“Студент  жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII Эл аралык студенттик илимий конференциясына катышкан Агрардык-техникалык институтунун алдынкы студенттери.

2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде “Студент  жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII Эл аралык студенттик илимий конференция болуп өттү. Конфренцияга коңшу Казыхстан, Узбекстан Республикаларынан жана өлкөбүздүн бардык жогорку окуу жайлардан, алар менен катар Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын студенттери дагы активдүү катышып келишти.

            ЭС-1-25 тайпасынын студенттери “Табигый жана техникалык илимдери” секциясында 3 (үч) илимий докладдары менен катышышты, алардын илимий жетекчиси т.и.к., доцент Кокумбаева Кулумкан Асановна.

Жыйынтыгында:

Токторалиев Марсель Акбаралиевич “Компакттуу буу камерасы жана натыйжалуу жылуулук алмаштыргычы бар жылуулук генератору — энергияны үнөмдөөнүн жолу” атту илимий доклад жасоо менен 1-даражадагы диплом;

            Женалиева Мээримай Кутубековна, Төрөбекова Аймончок Манасбековналар “Жалал-Абад областында гибриддик био-күн орнотмолоруна негизделген автономдуу айыл чарба керектөөчүлөрүн энергия менен камсыздоонун келечеги” аттуу илимий доклады менен 3-даражадагы диплом;

Эркинов Элмурас Эркинович, Каримбаев Мухамбеталы Бактыяровичтер “Базар-Коргон көлүнө калкып жүрүүчү күн батареяларын орнотуу” аттуу илимий доклады үчүн  сертификаттар менен сыйланышты.

Студенттерге АТИнин директору А.Б.Карбекова, кафедра башчы К.А.Кокумбаевалар ийгиликтери куттукташып, ийгиликтерди каалашты.

  Студенттер менен сыймыктанабыз!!